АКИpress - №21 округдан Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болуп Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Кубанычбек Конгантиевдин депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартуу боюнча арызы келип түшкөнү белгилүү болду.
Аталган округдагы талапкерлердин рейтинги боюнча мандат алуу кезеги Чыңгыз Айдарбековго келди. Ал 6259 добуш алган.
Айдарбеков буга чейин 7-чакырылыштагы парламенттин депутаты болуп иштеген.
№21 округ (Бишкек шаарынын Ленин району) боюнча маалыматтар: