13:31, 12-март, 2026

Бишкекте мыйзамсыз сатылган жер мамлекетке кайтарылды

На русском
12:09, 10-март, 2026 536

АКИpress - Бишкекте мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Тактап айтканда Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Прокурордук чара көрүүнүн натыйжасында баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»