АКИpress - Кыргызстанда ар бешинчи баланын канында коргошундун көлөмү жогору экендиги аныкталды. Бул тууралуу 13-72 айлык балдардын капиллярдык канындагы коргошундун көлөмү боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктарында айтылат.
Изилдөө «Кыргызстандын саламаттык сактоо журналында» жарыяланган.
Коргошун жаш балдардын, өзгөчө алардын мээ жана дененин өнүгүүсүнүн активдүү мезгилинде ден соолугуна терс таасирин тийгизген уулу заттарга кирет. Айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча өзүнчө программалар болгонуна карабастан, 2024-жылга чейин Кыргызстанда балдардын канындагы коргошундун концентрациясы жөнүндө маалыматтар болгон эмес. Бул көйгөйдүн масштабын объективдүү баалоону жана алдын алуу чараларын пландоону татаалданткан.
Изилдөө өлкөнүн 21 калктуу конушунда жүргүзүлдү. Алардын 18инде коргошундун деңгээли боюнча коркунуч жок деп эсептелет жана бул конуштарда 930 бала текшерилген. Дагы үч калктуу конуш коркунуч жогору аймактарга кирет: Совет айылы (Баткен облусу), Майлуу-Суу шаары (Жалал-Абад облусу) жана Ак-Түз айылы (Чүй облусу). Бул жерлерде 173 баланын көрсөткүчтөрү изилденген. Жалпысынан изилдөөгө 1103 бала катышкан.
Аймактар жана балдар көп баскычтуу кокустан тандоо ыкмасы менен тандалды. Лабораториялык скрининг LeadCare II портативдик анализаторун колдонуу менен жүргүзүлдү. Изилдөөнүн экологиялык бөлүгүнө турмуш-тиричилик буюмдарынын бетинде коргошунду аныктоо үчүн рентген-флуоресценттик анализ (XRF) колдонуу менен үй-бүлөлөрдү текшерүү кирди. Ошондой эле ата-энелер жана камкорчулар менен анкета толтурулуп, коргошунга уулануу коркунучун жогорулатуучу тиричилик жана жүрүм-турум факторлору бааланган.
Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, өлкө боюнча ар бешинчи баланын канындагы коргошундун деңгээли 5 мкг/дл босого көрсөткүчүнөн ашып кеткен. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, бул учурда чара көрүү зарыл. Бул маалыматтар экологиялык жактан булганган аймактардагы эле эмес, жалпы балдардын арасында коргошунга дуушарлануунун деңгээлин чагылдырат.
Ошол эле учурда коргошундун деңгээли демографиялык факторлорго жана жашаган регионго жараша айырмаланган. Эркек балдарда, чоң балдарда, ошондой эле айыл жеринде жана ата-энесинин же камкорчуларынын билим деңгээли төмөн үй-бүлөлөрдө жашаган балдарда жогорку көрсөткүчтөр аныкталган. Булганган аймактарда жашаган балдар орточо улуттук көрсөткүчтөргө салыштырмалуу кыйла жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон.
Авторлор белгилегендей, Кыргызстандагы 13-72 айлык курактагы балдардын арасында коргошундун көлөмү биринчи жолу улуттук деңгээлде бааланды. Алынган маалыматтар мындан ары эпидемиологиялык изилдөөлөргө жана коргошундун деңгээлине мониторинг жүргүзүүчү программаларды кеңейтүүгө негиз болуп бере алат.