АКИpress - Ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, 7-мартка караган түнү Кара-Жыгач айылында 61 жаштагы киши сабалган. Анын кызы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучу таанышыныкында конокто болгону жана алар ичимдик ичип отуруп, уруша кетишкени аныкталган. Уруш мушташка айланып, үй ээси коногун таяк менен сабап, андан соң тепкичтен короого түртүп жиберген, натыйжада ал эс-учун жоготкон. Ал эми шектүү жардам көрсөтпөстөн, качып кеткен. Учурда жабырлануучу дарыланууда.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, 1964-жылы туулган И.А. аттуу шектүү кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.