13:24, 12-март, 2026

Кыргызстанда сутка ичинде 7 өрт катталды

На русском
10:21, 10-март, 2026 204

АКИpress - Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөр:

Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда — 3төн,

Нарын облусунда — 1.

Бишкек шаарындагы учурлар:

Тунгуч кичи районунун Тунгуч-7 көчөсүндө ачык аянтта 200 чарчы метр камыш жана таштандылар күйгөн.

Көк-Жар айылынын Карагул Акмат көчөсүндө 20 сотых ачык аянттагы куураган чөп өрттөнгөн.

Кронштадт көчөсүндөгү таштанды аянтчасында 4 чарчы метр таштанды күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»