АКИpress - Орусия Европа өлкөлөрүнө мунай жана газ жеткирүүгө даяр, бирок бул үчүн алардан белги керек. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин мунай жана газ рыногундагы кырдаал боюнча өткөрүлгөн жыйында билдиргенин Кремль кабарлады.
«Эгерде европалык компаниялар, европалык сатып алуучулар капыстан багытын өзгөртүүнү чечишсе жана бизге саясий конъюнктурадан эркин болгон узак мөөнөттүү, туруктуу биргелешкен ишти камсыз кылып беришсе , албетте», - деди Путин Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып жатып.
Анын айтымында, Орусия европалыктар менен иштешүүдөн эч качан баш тарткан эмес. Бирок эми Москвага Европа өлкөлөрүнөн алар иштешүүгө даяр экендиги жана бул туруктуулукту камсыз кылып бере тургандыгы жөнүндө кандайдыр бир белгилер керек.
Ошону менен бирге Путин өкмөткө орус отунун Европа рыногуна жеткирүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоону жана Европа эшикти жаап алганча күтпөөнү тапшырганын эске салды. Өкмөт буга чейин Орусия суюлтулган жаратылыш газын Европадан Азиядагы достук маанайдагы өлкөлөргө багыттай турганын маалымдаган.
Азырынча Орусия мунайды Азия-Тынч океан аймагындагы сатып алуучуларга, ошондой эле Венгрия менен Словакияга жеткирүүнү уланта берерин Путин кошумчалады.
Дүйнөлүк мунай трафигинин 20–25 пайызы Ормуз кысыгы аркылуу өтөт. Израил жана АКШ менен болгон согуштан кийин Иран бул кысыкты тосуп коёрун жарыялаган. Кемелердин кыймылынын токтошу мунай баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.
Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы согуштун жана мунай-газ баасынын кымбатташынын фонунда газ берүүнү Европадан Азияга багыттоо тууралуу сөз кылды.