13:24, 12-март, 2026

Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

На русском
09:32, 10-март, 2026 831

АКИpress - Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«Сүйлөшүү ишкердик, ачык жана конструктивдүү мүнөздө өттү», - деди Ушаков журналисттерге («Интерфакс» агенттигинин маалыматы боюнча).

Ушаковдун айтымында, сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулган. Мамлекет башчыларынын акыркы сүйлөшүүсү 2025-жылдын декабрь айында болгон.

Жаңы сүйлөшүүдө Ирандагы кырдаал жана Россия-АКШ-Украина форматындагы үч тараптуу жолугушуулар жөнүндө сөз болду.

Орусия президентинин жардамчысы тактагандай, Дональд Трамп Украинада ок атышууну тез арада токтотууга жана тынчтыкка кызыкдар экендигин билдирген. Владимир Путин болсо АКШнын ортомчулук аракеттерин жана алардын сүйлөшүү тобун кубаттады.

Трамп Флоридадагы маалымат жыйында Путин менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу суроого жооп берди. Ал орусиялык президент Иран менен болгон жаңжалды жөнгө салууга жардам бергиси келгендигин, бирок сүйлөшүүнүн негизги бөлүгү Украинадагы согушка арналгандыгын айтты.

«Биз Украина жөнүндө сүйлөштүк. Президент Путин менен президент Зеленскийдин ортосунда чоң жек көрүү бар, алар бири-бири менен жашай албагандай. Бирок, менимче, бул маселе боюнча сүйлөшүү позитивдүү болду», - деди Трамп.

Ал Путиндин жардам берүү сунушу тууралуу мындай деп кошумчалады: «Эгер Украинадагы согушту токтотууга жардам берсең, ошондо көбүрөөк пайда болот», - деп айттым.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»