13:24, 12-март, 2026

Трамп Ирандагы согуш аяктап калганын жарыялады

На русском
09:24, 10-март, 2026 1348

АКИpress - Дональд Трамп «CBS» телеканалына берген интервьюсунда Ирандагы согуш аяктап калганын билдирди.

АКШ президентинин айтымында, согуштук аракеттер графиктен бир топ алдыда жүрүп жатат. Буга чейин Ак үй согуш бир айдан ашык убакытка созулушу мүмкүн деп болжолдогон.

Трамп Ирандын флоту да, байланышы да, аба күчтөрү да талкаланганын, ал эми ракеталардын чачырандысы гана калганын билдирди.

Кийинчерээк Трамп Флоридада өткөн республикачылардын иш-чарасында сүйлөп, Иран менен согуштагы жеңиш жакындап калганын кайталады. Ал согуш абдан тез аяктай турганын белгиледи.

«Биз жамандыктан арылуу үчүн, зарыл деп эсептеп, бир аз экскурсия уюштурдук. Бул өтө кыска мөөнөттүү экскурсия болот», - деди АКШ президенти.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу болсо согушту кеңейтүүгө даяр экендигин жана ал качан бүтөрүн өзү аныктай тургандыгын билдирди. Иран аскерлери Израил менен АКШ Иранга сокку уруп жатканда аймактан мунайдын бир литри да экспорттоого жөнөтүлбөй тургандыгын билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»