13:24, 12-март, 2026

Бишкектеги өспүрүм мугалим жана окуучуларга кол салууну ойлоп жаткан, - УКМК

На русском
08:58, 10-март, 2026 1905

АКИpress - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкектеги орто мектепте мугалимдерге жана окуучуларга куралдуу кол салууну көздөп жаткан өспүрүмдүн аракеттерине бөгөт коюшту.

УКМК билдиргендей, бул факт чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте жүргүзүлгөн антитеррордук иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган жана Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгү (Террордук акт жасайм деп коркутуу) боюнча кылмыш иши козголду.

УКМК соңку мезгилде өспүрүмдөр арасында диний радикализм учурлары көбөйүп жатканын кошумчалады. Ушуга байланыштуу ведомство ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана алардын кызыкчылыктарына, ачык маалымат мейкиндигиндеги активдүүлүгүнө көңүл бурууга чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»