АКИpress - Министрлер кабинетинин, «Silvercorp Metals, Inc.» компаниясынын жана «Чаарат ЗААВ» жабык акционердик коомунун ортосундагы Чаарат кенинин «Түлкүбаш» жана «Кызылташ» тилкелерин иштетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды.
Документке Министрлер кабинетинин атынан кол коюу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Равшанбек Сабировго тапшырылды. «Silvercorp» тарабынан келишимге компаниянын директору Руи Фэн кол койду.