19:37, 13-январь, 2026
Учурда окулуп жатат
15:20, 12-январь, 2026 (37 адам окуп жатат)
Таластагы түнкү отуруш трагедия менен аяктады
12:21, 13-январь, 2026 (18 адам окуп жатат)
«Порно» тараткан кыздар кармалды
14:06, 12-январь, 2026 (15 адам окуп жатат)
Кыргызстанда «Жетенин жети уулу» башталды

Декларация-2024: Энергетика министри Ибраевдин кирешеси

На русском
14:25, 9-январь, 2026 (Жаңыланды: 10:59, 10-январь, 2026) 2720

АКИpress -  Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларынын маалыматтарын жарыялады.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев

Маалыматка ылайык, 2024-жылы энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кирешеси 2 млн 783 миң сомду түзгөн. Чыгашалары тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Министрдин менчигинде аянты 1200 чарчы метр болгон турак жайы бар.

Ибраевдин жакын туугандарынын дагы аянты 1239 чарчы метр болгон дагы бир турак жайы бар. 1 жыл мурун — 2023-жылы министрдин жакын туугандарынын менчигинде мындай кыймылсыз мүлк жок болчу.

Министрдин жана анын жакын туугандарынын кыймылдуу мүлкү жок.

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматын 2022-жылдын 7-октябрынан бери аркалап келет.

Министрдин орун басары Насипбек Керимов

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 2024-жылга карата кирешеси тууралуу маалыматта 1 млн 685 миң сом тапкандыгын көрсөткөн. Чыгашалары көрсөтүлгөн эмес.

Министрдин орун басарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок, ал эми жакын туугандары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп 2024-жылдын 17-январында дайындалган.

Орун басары Назгүл Үсөнова

Энергетика министринин орун басары Назгүл Үсөнова 2024-жылга карата кирешеси тууралуу маалыматта 1 млн 875 миң сом тапкандыгын көрсөткөн, чыгашалары көрсөтүлгөн эмес.

Анын менчигинде аянты 46,52 чарчы метр болгон батир бар.

Жакын туугандарынын кыймылдуу мүлкү жана активдери тууралуу маалыматтар жок.

Назгүл Усенова энергетика министринин орун басары болуп 2023-жылдын сентябрь айында дайындалган.