02:12, 13-март, 2026

Бишкекте өтө турган IX «Борбор Азия романстары» 4 өлкөнүн жүздөн ашык жаш талантын бириктирет

На русском
09:57, 16-октябрь, 2025 445

АКИpress - Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда 2025-жылдын 21-октябрь күнү саат 11:00дө жаш аткаруучулардын IX «Борбор Азия романстары» эл аралык орус романсы боюнча сынактык угуулары өтөт. Бул тууралуу Россотрудничество өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ага 6 жаштан 35 жашка чейинки курактагы вокалисттер катышат. Сынак Бишкек, Ош, Талас, Нарын, Балыкчы, Ноокат, Кара-Балта, Беловодск, Жаңы-Жер сыяктуу шаар жана айылдардан, ошондой эле Алматы, Павлодар, Тараз, Ташкент, Андижан, Зарафшан, Нукус, Душанбе жана башка шаарлардан келген жаш аткаруучуларды бириктирет.

Мындан тышкары, каалоочулар сынактык угууга келип, катышуучуларды колдой алышат.

«Быйылкы “Борбор Азия романстары” музыка сүйүүчүлөрдү дагы бир жолу таң калтырмакчы — катышуу боюнча арыздардын саны 100дөн ашып, рекорд койду. Мындан тышкары, быйыл алгачкы жолу Тажикстандан жаш аткаруучулар катышат. Сынактын башкы өнөктөшү — “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму. Ал КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да бир катар маданий жана социалдык долбоорлорду ишке ашырган», — деп айтылат маалыматта.

Катышуучуларга Россиянын эмгек сиңирген артисти жана маданияттын эмгек сиңирген ишмери Галина Преображенская жетектеген эл аралык калыстар тобу баа берет. Калыстар курамына Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын артисттери жана маданият ишмерлери кирет.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери 22-октябрда өтө турган гала-концерттин жүрүшүндө аныкталат. Башкы жеңүүчү өз өлкөсүнүн атынан XXIX «Москва романстары» финалында талантын көрсөтөт.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»