АКИpress - 28-августта Бишкек шаарынын Орок айылында акысыз «Евразия» оюн-зоок паркынын ачылышы болду.
Ачылышка өлкө башчысы Садыр Жапаров катышып, бул парк жөн гана эс алуу жайы эмес, балдардын жашоосун жакшыртууга багытталган социалдык долбоор болорун белгиледи.
Россия Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова парк Кыргызстанга ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата белек катары тартууланып, Кыргызстан менен Россиянын жана элдеринин достугун символдоштурарын айтты.
«Бул парк 10 гектар жерди ээлеп, 30дан ашык аттракционду камтыйт. Бул жерде балдарга жагымдуу болгон бардык шарттар бар. Россияда да, Кыргызстанда да балдар өзгөчө корголот. Ал эми ЕАЭБ алкагында дал ушул Россия менен Кыргызстан салттуу баалуулуктарды алдыга жылдырып, континентте өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болуп саналат», – деди Аршинова.
Ал белгилегендей, бир жыл мурун «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму Министрлер кабинети менен Кыргызстанды салттуу баалуулуктарга арналган «Евразия» платформасына расмий кошулуу боюнча келишимге кол койгон.
«Биз үчүн “Евразия” паркы эки элдин достугунун символу. Бул жерде көптөгөн балдардын күлкүсү, кубанычы жана шаттыгы болот. Долбоорду ишке ашырган «Евразия» уюмунун меценаттарына ыраазычылык билдирем.
Бул паркты курууга көп өлчөмдө жеке каражат салдык жана аны жыл сайын тейлөөнү өз мойнубузга алабыз. Ошондуктан бул жерге балдар да, чоңдор да, урматтуу улуу муун да келе алышат. Алар үчүн бул парк акысыз», – деди ал.
Аршинова белгилегендей, «Евразия» уюму мындан ары да биргелешкен долбоорлорду улантат. Ал буга чейин аткарылган иштер тууралуу да айтып берди.
«Өткөн жылы биз Кыргызстанга бирдиктүү билим берүү мейкиндигин колдоо үчүн 100 мектеп автобусун тартуулаганбыз. Азыр ал автобустар каттап жатат. Тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарга барышат. Ошол себептен балдар мектепке эч тоскоолдуксуз жетип жатышат.
Биз “Кыргызстанды тааны” программасын өнүктүрүп жатабыз. Азыр постсоветтик мейкиндиктен жана башка өлкөлөрдөн көп конок Кыргызстанга келип жатышат. Ошондой эле Кыргызстандык көптөгөн жаштар, балдар "Евразия" уюмунун программаларына катышып, биздин Кара деңиздеги лагерлерде эс алып жатышат. Алар "Балалык аймагы", "Достук" сыяктуу долбоорлорго да катышууда», – деди Аршинова.
Төрайым жакында Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн №146/1 дарегинде алгачкы социалдык дүкөн ачылганын эске салды.
«Жакын арада дагы бир нече социалдык дүкөндөрдү ачуу пландаштырылууда. Алар бизге жашоо берген урматтуу улгайган муун үчүн багытталган. Кыргызстандагы улуу муун негизги керектөө себетине жана азык-түлүктөр менен арзан баада камсыздалууга тийиш. Арзандатылган баалар түз жеткирүүлөрдү камсыз кылуу жана меценаттардын колдоосу менен ишке ашат. Ошентип, биз бааларды кеминде 20–40 пайыз төмөн кармап тура алабыз», – деп түшүндүрдү ал.
Алёна Аршинова дагы бир жолу Кыргызстан менен «Евразиянын» достук кызматташтыгын белгиледи.
«Бизде абдан көп окшоштуктар бар жана эки президентибиз — Садыр Жапаров менен Владимир Путин сыяктуу эле Россия менен Кыргызстан үчүн бирдиктүү маалыматтык, маданий жана билим берүү мейкиндигин курууну каалайбыз. Мындан тышкары ЕАЭБге гана эмес, Евразия континентинин башка өлкөлөрүнө да кошула турган платформа түзгүбүз келет», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.