13:42, 13-март, 2026

Минкаб турак жай куруу үчүн МИКке түштүктөн 16 жер тилке берди (Тизме)

На русском
13:38, 25-июль, 2025 1396

АКИpress - Министрлер кабинети 15-июлда «Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы» ААКсына республиканын түштүгүндөгү 16 жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө тескеме чыгарды.

Тилкелер Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында жайгашкан.

Ош, Баткен, Жалал-Абад, Базар-Коргон шаарларынын мэрияларына жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына зарылчылык келип чыккан учурда «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлгөн жер тилкелерин турак жай куруу үчүн которуу (трансформациялоо) жөнүндө Министрлер кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун кароого киргизүү тапшырылды.

Жер тилкелердин тизмеси жазылуучулар үчүн жеткиликтүү.

 

Авторизация / Регистрация

выш выбор: год (15000 сом)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»