АКИpress - Садыр Жапаров 18-июлда «Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, 13-берененин 3-бөлүгү жана 127-берене буга кирбейт, алар 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
13-берене. Жерлерди категорияларга бөлүү жана аларды бир категориядан экинчи категорияга (айыл чарба багытындагы, калктуу конуш үчүн, өнөр жай, транспорт жана башка атайын багыттагы, токой фондунун жери, суу фондунун жери, резервдик жана өзгөчө корголуучу аймак) жана бир түрдөгү жерден экинчи түргө (жеке турак жай куруу үчүн, көп кабаттуу турак жай куруу үчүн, жеке чарба жүргүзүү үчүн, айыл чарба өндүрүшү үчүн, өндүрүштүк объектилерди жайгаштыруу үчүн, багбанчылык үчүн) которуу (трансформациялоо).
127-берене. Мамлекеттик электрондук жер реестрин колдонуу.
Министрлер кабинетине 3 айлык мөөнөттө төмөнкүлөр тапшырылды:
1) өз чечимдерин Жер кодексине ылайык келтирүү;
2) Жер кодексинен келип чыккан ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.
Жаңы редакциядагы өзгөртүүлөр:
Чет өлкөлүктөр менен түзүлүүчү бүтүмдөр
Документте айтылгандай, жер тилкелери бекитилип берилген имараттар жана курулмалар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзгөн чет өлкөлүк жактар мурда колдонулган укук белгилөөчү документтерди кадастрдык планга алмаштыруу менен жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна ээ болушат.
Компанияларды жоюу жана менчиктештирүү
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, чарба жүргүзүү укугуна жана оперативдүү башкарууга негизделген мекемелерге, коомдук бирикмелерге, фонддорго жана диний уюмдарга акысыз берилген жер тилкелери алар жоюлганда тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик же муниципалдык менчикке өтөт. Эгерде жер тилкесинде имарат жана/же курулма жайгашкан болсо, ал да кайтарылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер тилкесинин наркы мүлктүк комплекстин наркына кирет. Эгерде менчиктештирилүүчү мүлктүк комплекс үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө укук белгилөөчү документ жок болсо, аны жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бекитет.
Жеке менчикти таануу
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 1999-жылдын 16-июнуна чейин белгиленген тартипте жер тилкесин туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мураска калтырууга укук алган жер тилкесине болгон жеке менчик укугу документтерди кайрадан тариздебестен таанылат, атап айтканда:
- жер үлүшүнө укук;
- үй жанындагы, бакча-дача жер тилкелерине укук;
- турак жай жана дача үйлөрүнө бекитилген жер тилкелерине укук;
- менчиктештирилген турак жайлардын жер тилкелерине укук.
Жер кодекси күчүнө киргенден тартып, системалуу же кабыл алуу тартибинде мамлекеттик каттоодон өткөн жер тилкелерине болгон укуктар жеке турак жай куруу же көп батирлүү үйлөрдүн алдындагы жер тилкелерине болгон укуктар катары катталган укуктун негизинде анык деп таанылат жана бул жер тилкелери калктуу конуштардын жерлери болуп эсептелет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду
Айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл чарба багытындагы жер тилкелер Министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланууга берилүүчү тиешелүү айыл аймактын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери болуп эсептелет.
Дача жана калктуу конуштардын чегин аныктоо
Мыйзам күчүнө киргенден тартып суу фондунун жерлеринин категориясына кирген багбанчылык тилкелерин кошпогондо жеке адамдардын менчигинде турган багбанчылык үчүн жер тилкелери жана тиешелүү инфраструктурасы бар аймактар «турак жай курулушу» деген максаттуу багыты бар калктуу конуштардын жерлери деп таанылат.
Калктуу конуштардын жерлери деп таанылууга тийиш болгон аймактардын чектери ыйгарым укуктуу органдардын 1999-жылдын 16-июнуна чейин кабыл алынган дача же жамааттык багбанчылыкка жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндөгү баштапкы чечимдерине ылайык аныкталат. Турак жай курулушуна арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби Минкаб тарабынан бекитилет. Багбанчылык үчүн жер тилкелерин пайдалануу тартиби жана мындай уюмдардын иш тартиби Минкаб тарабынан бекитилет.
Укук белгилөөчү документтерди таануу
Укук ырастоочу документтер: жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк, жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк, жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк, Жер кодекси күчүнө киргенге чейин жер тилкелеринин менчик ээлери, кыргызстандыктар жана пайдалануучулар тарабынан белгиленген тартипте алынган, укук белгилөөчү документтер болгон учурда кайрадан тариздебестен жарактуу деп эсептелет.
Жер тилкесине укук менен жарандык-укуктук бүтүмдөр жасалганда алдын ала каттоо боюнча катталган укук ырастоочу документтерди кошпогондо мурда алынган укук ырастоочу документтер кадастрдык планга алмаштырылууга тийиш. Бул учурда сатып алуучу укук ырастоочу документти кадастрдык планга алмаштырат.
Жер мунапысы
Жарандардын жер мунапысы боюнча объекттерге менчик укугун бекитүү боюнча мамлекет тарабынан жер мунапысын жүргүзүү «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамда каралган негизде анын тартиби менен жүзөгө ашырылат. Жер мунапысын жүзөгө ашырууда башка ченемдик укуктук актыларды колдонуу «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө мүмкүн.
Көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин сатып алуу
Юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана Жер кодекси күчүнө киргенге чейин көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктеги жер тилкелери көп батирдүү үй пайдаланууга берилген күндөн тартып 5 жыл ичинде тиешелүү юридикалык жана жеке жактар тарабынан сатып алынууга тийиш, андан кийин жер тилкесине укуктар көп батирдүү үйдүн жашоочуларынын жалпы үлүштүк менчигине акысыз берилет.
Юридикалык жана жеке жактар жер тилкелерин муниципалдык менчиктин жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасына ылайык түз сатуу жолу менен менчикке сатып алышат, ал көп батирдүү үйдү пайдаланууга берүү мөөнөтүн эске алуу менен колдонулат. Мында наркты эсептөө методикасын тиешелүү шаардык кеңеш бекитет.
Юридикалык жана жеке жактар жер тилкесин сатып алуу боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына күрөө берүүгө милдеттүү. Күрөө сатылып алынуучу жер тилкенин наркына жараша аныкталат жана ар бир жыл ичинде төлөнгөн сатып алуу төлөмдөрүнүн суммасына пропорционалдуу түрдө азайтылышы мүмкүн. Күрөөнүн түрү, берилишинин шарттары жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби тиешелүү шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
Жер кодексинин толук редакциясы менен катталуу аркылуу таанышууга болот.