Сабырбек Жумабеков Касымбек Тазабековдун эмгектериндеги негизги багыттарды атады
На русском
АКИpress - Касымбек Тазабековдун эмгектериндеги негизги багыттар – эрте диагностика, тубаса патологияларды алдын алуу, системалуу реабилитация жана адистерди даярдоо. Бул тууралуу Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган илимий форумда Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
«Биздин конференциянын «Балдар травматологиясынын жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу темасы кокусунан тандалган жок. Бул конференция Касымбек Тазабековичтин ишин улантып, биздин Кыргызстандын приоритеттерин – балдарга жогорку технологиялык жардамды өнүктүрүү, эндоскопиялык ыкмаларды, нейрохирургиялык ыкмаларды, протездөө жана 3D-технологияларды киргизүүнү чагылдырат», - деди Жумабеков.

Академик дарылоо операция менен эле бүтпөстөн, бейтаптын толук кандуу жашоого кайтып келүү программасын түзүү менен аяктарын белгиледи.
Анын айтымында, Касымбек Тазабековичтин дагы бир принциби — ар бир аймак үчүн мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү болгон.
«Бул жөн гана илимий форум эмес, бул — биздин ишибизге күчтүү түрткү. Жаш окумуштуулардын жана дарыгерлердин баяндамалары Касымбек Тазабековичтин иши жашап жана өнүгүп жатканына ишеним берет», - деп сөзүн жыйынтыктады Жумабеков.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 3-4-июлда Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган «Балдар травматологиясынын жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.