АКИpress - 4-июлда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы балдар ортопедиясынын негиздөөчүсү Касымбек Тазабековдун 90 жылдыгына арналган «Балдар травматологиясы жана ортопедиясынын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Конференцияга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Кытай, Мексика, АКШ жана Нидерланддардан келген адистер катышууда.
Кыргыз балдар ортопедиясынын негиздөөчүсүнүн өмүр баяны:
Касымбек Тазабеков — КР эмгек сиңирген дарыгери, саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, жазуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Ал 1935-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань (азыркы Нарын) районунун Ак-Булуң айылында туулган. Айылдагы башталгыч мектепте, андан кийин Нарын районунун Оттук айылындагы мектеп-интернатында окуган.
1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетинин 1-курсуна тапшырып, аны 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Баткен облусунун Хайдаркан шаарчасындагы (азыркы Айдаркен) ооруканада врач-травматолог болуп баштаган.
1962-жылдан 1964-жылга чейин Борбордук травматология жана ортопедия институтунда (БТОИ) күндүзгү аспирантурада окуган. Клиникалык материал Москва шаарындагы Боткин атындагы оорукананын травматология бөлүмүндө чогултулган. Бөлүмдүн жетекчиси — медицина илимдеринин кандидаты, доцент Ксения Максимилиановна Винцентина — эки жолку Советтер союзунун баатыры С.Королевдун жубайы болгон. Профессор А.В. Капландын илимий жетекчилиги астында «Согончок сөөктүн сыныктары жана аларды дарылоо» деген темада диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Касымбек Тазабеков Кыргызстанда травматология жана ортопедия боюнча биринчи медицина илимдеринин кандидаты болгон.
1963-жылы БТОИнин директору, профессор М.В. Волковдун демилгеси менен СССРдин травматолог-ортопеддеринин 1-съезди өтүп, анын ишине бардык республикалардан 1984 делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдөн 90 өкүл катышкан. К.Тазабеков уюштуруу иштерине активдүү катышкан. Съезд Москва шаарындагы Моссовет театрында өткөн.
К.Тазабеков 1967-жылы Рига шаарында өткөрүлгөн СССРдин травматолог-ортопеддеринин 2-съездинин делегаты болуп шайланган.
1965-жылдан баштап КММАнын Врачтарды өркүндөтүү факультетинин травматология жана ортопедия кафедрасында дарылоо жана окутуу иштери менен алектенип, Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун доценти болгон.
Касымбек Тазабеков 2000-жылы «Ден соолугу чың балдар» фондун негиздеген. Фонддун алкагында жамбаш муунунун тубаса чыгышын эрте аныктоо боюнча окутуу жана квалификацияны жогорулатуу системасын түзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында анын жетекчилиги астында врачтарды, акушерлерди жана медайымдарды окутуу жүргүзүлүп, алар төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын жашоосунун алгачкы күндөрүндө жамбаш муунунун тубаса чыгып кетүүсүн жана дисплазиясын аныктай алышкан. Бардык тубаса аномалиялардын ичинен дал ушул патология 1-орунду ээлейт.
К.Тазабеков өлкөнүн бардык аймактарына олуттуу практикалык жардам көрсөткөн. Санитардык авиация аркылуу жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын эң алыскы аймактарына — Нарын облусунун Ак-Сайына, Кара-Кужурга, Чаткалга, Ысык-Көлдүн сырткы зонасына ж.б. учуп барган. Токтогулда тик учак кулаганда жабыркагандарды куткарууга жана жардам көрсөтүүгө активдүү катышкан.
Касымбек Тазабеков 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде «Согончок муундарынын тубаса дисплазиясы», «Согончок сөөктөрүнүн сыныктары жана аларды дарылоо» ж.б. автору.
Негизги ишмердүүлүгүнөн тышкары адабият менен активдүү алектенген. «Кыдырназар бай», «Канда айланган махабат» ж.б. 7 прозалык жана 3 поэтикалык жыйнагы жарык көргөн. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Касымбек Тазабеков жубайы менен 4 баланы — 3 уул жана 1 кызды тарбиялашкан. Анын 15 небереси жана 26 чөбүрөсү бар.