Парламент төрагасы депутат Айжигитовдун билдирүүсүнө карата комментарий берди
На русском
АКИpress - Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутат Султанбай Айжигитовдун билдирүүсүнө карата комментарий берди.
Депутат бүгүн, 5-мартта парламенттин отурумунда кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге пикирин айтып, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген.
Төрага аталган келишимден эки тарап тең уттурбаганын белгиледи.
«Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду», - деди ал.
Төрага аталган айыл депутат айткандай эле стратегиялык мааниге ээ жерби деген суроого да жооп берип, ал эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес экенин белгилеген.
«Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Ходжайлоо айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да.
Стратегиялык деп Төрт-Көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт-Көчөгө статус-КВО берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот. Ал эми Ворухга 3,5 км жол берилсе, биз Самаркандектен Миң-Өрүккө чейин 3,5 км жол алып атпайбызбы. Бул жерде да теңме-тең болуп жатат. Кай жеринен уттурдук?!», - деди ал.
Төрага ошондой эле келишим каралган долбоор сессияда да колдоо табат деген оюн билдирди.