АКИpress - Бүгүн, 3-майда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин инновациялык борборунда коомдук транспорттогу коопсуздук көйгөйүн чечүүгө багытталган «Коопсуз транспорт: куугунтукка каршы инновациялар» деген темада эки күндүк хакатон башталды.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментине караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысы Уларбек Сыдыкбеков, Американын элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эжей Рао, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова, Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча адиси Жаннета Байдөлөтова, Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров катышып жатат.
Катышуучулар аялдарга жана балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү көйгөйүн алдын алуу үчүн коомдук транспортто коопсуздукту камсыздоого багытталган долбоорлорду иштеп чыгышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө командалар өздөрүнүн инновациялык идеяларын иштеп чыгышып, эксперттер жана катышуучулар менен тажрыйба алмашат.
Долбоорлорду тапшыруу, катышуучуларды техникалык жактан даярдоо, жыйынтыктарды чыгаруу, ошондой эле сыйлыктарды тапшыруу аземи эртең, 4-майда инновациялык борбордо өтөт.
Иш-чаранын өнөктөштөрү: Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, «Балдар үчүн ишеним телефон - 111» борбору, Акыйкатчы институту, Аялдардын, балдардын укугу жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш, Жогорку технологиялар паркы, Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы, IT Академиясы, «Аялдама» долбоору, «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси, №99 маалыматтык технологиялар профессионалдык лицейи, БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, «АКИpress» маалымат агенттиги.