04:22, 25-сентябрь, 2022

Атанын уулу: Сайнидин Төлөгөнов

10:00, 20-сентябрь, 2022 2116

АКИpress -  Былтыр жер жүзүн каптаган «коронавирус» оорусунан кайтыш болгон Сайнидин Төлөгөнов байкенин арабызда жок болгонуна бир жылдын жүзү болду. Сайнидин байке — Улуу Ата-Мекендик согуштун майып ардагери — Айдабосун атанын, Эл агартуу отличниги, эмгек сиңирген мугалими — Курманбүбү апанын жалгыз уулу.

Атасы—Айдабосун ата 1941-жылы согушка кетип, 1946-жылы аман-эсен согуштан кайтып келген. Ал Румыния, Чехославакия жана башка өлкөлөрдө болуп, айыгышкан согуштун арасынан нечен ордендер менен сыйланып кайткан. Орус армиясы Германияга желегин орнотуп, жеңишке жеткенде, аскерлердин арасында Айдабосун ата да болгон. 22 жашында согушка кеткен Айдабосун ата бир тууганынан ажырап, мекенине кайтып келет.

Андан соң Аламүдүн районунун Стрельниково айылында Курманбүбү апа менен баш кошуп, жалгыз уулду тарбиялады. Талыкпай эмгектенип, пенсияга чыккан Айдабосун ата 87 жаш курагында каза болот.

Курманбүбү апа 1937-жылы 17 жашында Москвада өткөн декадага делегат болуп барган. Айылдагы бир көчөгө Курманбүбү апанын аты берилген.

Дал ушундай ата-эненин уулу Сайнидин байке ата-энесин тартып, эмгекчил, түз жүргөн, адамга жамандыгы жок жөнөкөй киши болгон. Сайнидин байке Кыргызстандын оор өнөр жай тармагында эмгектенип, бир нече фабрикаларда, заводдордо иштеген. Ошол кездеги өкмөт тарабынан бир нече Ардак грамота, «Манас» медалы менен сыйланган. Кыргызстандын оор өнөр жай тармагына эмгеги сиңген инсан десек болот.

1988-жылы СССР Министрлеринин алдындагы эл чарба академиясына Кыргызстандын атынан жиберилген. Эмгек тармагына салымын кошкон Сайнидин байке жубайы Бейшегүл апа менен бир кыз, эки уул, сегиз небере, 2 чөбөрө көрүп, өмүрүн текке кетирген жок. Анын жалгыз кызы мектепти алтын медаль, жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктады. Учурда чет элде эмгектенип, жашайт.

Сайнидин ата менен Бейшегүл апанын баш кошуп жашаганына 53 жыл болуп, «алтын тойлорун» өткөрүп, Сайнидин ата түбөлүк жайга кете берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком