13:42, 26-июнь, 2022

«Берекет» соода борборунда ижара көтөрүлбөйт, - мэрия

На русском
10:14, 24-июнь, 2022 121

АКИpress -  Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана «Берекет» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев соода жайларынын ижара акысын көтөрүүгө каршы митингге чыккан сатуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Район башчысы «Берекет» ЖАКтын директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы арада соода жайларынын тарифи көтөрүлбөй турганын билдирди. Билдирүүдөн кийин чогулган сатуучулар тарап кетишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Берекет» ЖАКтын жетекчилиги маалымат берди.

2022-жылдын башынан бери «Ош» базарынын аймагындагы башаламан соодага байланыштуу 187 миң сом айып салынган.

Азыркы учурда муниципалдык администрациядан 6 адис бөлүнүп, алар күн сайын мыйзамсыз сооданы жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком