13:46, 26-июнь, 2022

«Nike» Россиянын рыногунан биротоло кетет

На русском
09:50, 24-июнь, 2022 134

АКИpress -  Спорттук кийимдерди чыгарган Американын «Nike» компаниясы Россиянын рыногунан биротоло кете турганын жарыялады. Буга байланыштуу «nike.com» сайты жана мобилдик тиркеме Россиянын аймагында иштебейт.

Компания 2022-жылдын март айынын башында Россиядан буюртмаларды кабыл албай калган.

Буга чейин башка дагы спорттук компаниялар Россия менен кызматташууну токтото турганын жарыялаган болчу. Алардын катарында «Adidas», «Puma», ошондой эле «Levi's», «Tommy Hilfiger» жана «Calvin Klein» бренддери бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком