14:30, 26-июнь, 2022

Кыргызстан алтын казган компаниянын 30 пайызына ээлик кылат. Тизме

На русском
09:16, 24-июнь, 2022 409

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров 22-июнда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

  • Эми алтындын ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө толтуруу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30 пайыздык милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.

Tazabek редакциясы кайсы алтын ишканаларында чет өлкөлүктөрдүн катышы бар экенин тактады. Алардын арасында «Минералз Бозымчак», «Чаарат ЗААВ», «Кичи-Чаарат», «Алтынкен», Full Gold Mining жана «Эти Бакыр Терексай» компаниялары бар.

Аталышы Дареги Жетекчи Түзүүчү
1 «КАЗ Минералз Бозымчак» Бозымчак (Ала-Бука); Тулекеев Ильяс Валерьевич «Китко. Би. Ви.»/KAZ Minerals (Казакстан)
2 «Чаарат ЗААВ»/Chaarat Gold Чаарат (Чаткал) Вахабов Даврон Каримович Chaarat Gold Holdings Limited (Лондондо катталган)
3 «Кичи-Чаарат» Куру-Тегерек (Чаткал) Мяо Чжэньпин Кытай компаниясы: 1. «ТУН-ЛИН» (жетекчи: Мяо Чжэньпин) 2. Fastmind Investments Limited 3. Acme Day Limited
4 «Алтынкен» Талды-Булак (Кемин) Чжан Хуахуэй Superb Pacific Limited (60% үлүш Кытай компанияга, 40% «Кыргызалтынга»)
5 Full Gold Mining Иштамберди (Ала-Бука) Чэн Идун Кытай компаниясы: 1. «Инвестиционная компания «Линси»; 2. «Линбао Хуанцин»; 3. Китай корпорациясы
6 «Эти Бакыр Терексай» Терексай (Чаткал) Вели Гекдере Компании: 1. «Эти Бакыр» (Түркия, 75% үлүш) 2. «Кыргызалтын» (25% ). Инвестор: Түркиянын Eti Bakir A.S компаниясы (Cengiz Holding).
7 «Эгиз-Тор Девелопинг» Султансары (Нарын) Чжуан Хунюн 1. Чжуан Хунюн 2. Сармолдоев Уланбек Муканбетович 3. Асанбек уулу Азамат
8 «Альянс Алтын» Жей (Талас) Рахматов Сабир Нарынбекович «Восток-геолдобыча» («Русская платина», миллиардер Муса Бажаев.
9 «КАЙ ИНТЕРПРАЙЗ Плюс» Ничкесуу (Баткен) Абдрахманова Назгүл Тоялиевна Sun Avenue Partners Corp (Улуу Британия).
10 Хайленд Эксплорейшн Үңкүр-Таш (Кара-Төбө) Качкынбеков Улан Анарбекович Highland Gold Mining Limited (Норманд аралы).
11 «Апрельское ЭйЗетАй» Апрель (Лейлек) Юрченко Сергей Николаевич «FONTELUNA SA» (ФОНТЕЛУНА СА) ААК (Швейцария).
12 ЗАО «Савоярды» Савоярды (Ош) Чжуан Цзянруй «Горнодобывающая компания Цзиньхань» ЖЧК (Кытай компаниясы).
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком