13:19, 26-июнь, 2022

Кызганычтан улам жубайын өлтүрүп, башын кесип салган жаран кармалды

На русском
09:40, 23-июнь, 2022 1752

АКИpress -  Жайыл районунда аял кишини өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 23-июнда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

21-июнда Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги дренаждан башы кесилген аялдын жансыз денеси табылып, ал 1975-жылы туулган А.А.экенидиги аныкталган.

Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изине түшкөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышты 1976-жылы туулган маркумдун жарандык никедеги жолдошу К.Н. жасаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында жашынып жүргөнү белгилүү болуп, дал ошол жерден кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган адам кызганычтан улам сүйүктүүсүн бычактап, андан соң башын кесип салган. Шектүү денени дренажга ыргытып, башын денеден 200 метр алыс жерге көмүп салган.

Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алып, башын көмгөн жерин көрсөткөн.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком