12:41, 28-ноябрь, 2021

Дыйкандарга делген насыянын 97 пайызын бизнесмен, депутат, министр, губернатор жана алардын туугандары алып келген, - президент

На русском
11:27, 26-ноябрь, 2021 1064

АКИpress -  Бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров дыйкандарга берилип келген жеңилдетилген насыялар тууралуу сөз козгоду.

«Жазында өлкөнү кыдырганда көрдүм, сугат жерлер айдалбай жатат. Бир топ дыйкандар менен баарлаштым. «Эмне үчүн сугат жерлерди айдабайсыңар?», - деп сурадым. Алар акча, техника, үрөн, күйүүчү май жок дейт. Жарым жыл мурда Эсептөө палатасына мамлекеттик банктарды текшерүү, аудит жасоо боюнча тапшырма бергем. Эмне себептен дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер жетпей жатат деп. Кечээ жакында текшерүү иштери бүттү. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчанын 3 пайызы гана дыйкандарга жетет экен. Калган 97 пайызын бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын туугандары алат экен. Акчаны 100 пайыз дыйкандар алышы керек болчу, а бул жерде чиновниктер туугандары менен чогуу алып, иштетип, кайра жаап койгон. 1 жылдан 3 жылга чейин берилет бул насыя. Ошол үчүн жерлер айдалбай, түшүм жок болуп, тамак-аш коопсуздугу боюнча маселе жаралып жатат. Сугат жерлер айдалбай, чөп басып жатса, чөбүн чаап, сатып жиберет экен. Башка айлам жок дейт. Же буудай, же картошка айдалбаса, сырттан импорт кылып жатабыз.

Аттарын атабай эле коеюн, бул жакта депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары бар. Арасында депутаттыкка бара жаткан талапкерлер, мурда депутат, министр болуп жүргөндөр да бар. Ушул маселени Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырам, кимдерге насыя берилген, эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес, кайсы банктар берген, ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз. Насыя алган бизнесмендерде күнөө болгондур, анткени алар коррупцияга барып, насыяны 6 пайыз менен албайт да, жок дегенде 4 пайызын банктарга «шапка» кылып берди да. Болбосо банктар бербейт эле да, дыйкандарга бермек. Бирок бизнесмендерди күнөөлөштүн кереги жок. Өткөн иш өттү. Банкирлерди тактап чыккыла», - деди Садыр Жапаров.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком