14:37, 13-март, 2026

Түркия бул жылы 20 млн турист күтүп жатат

На русском
16:30, 9-июль, 2021 904

АКИpress - Бул жылы Түркия өлкөсү 20 млн турист күтүп жатат. Бул маалыматты Түркиянын Туризм жана маданият министрлигинин өкүлү Беркан Ташан таанышуу иш-чарасы учурунда билдирди.

Коронавирус пандемиясына чейин Түркия жыл сайын 60 млн туристке кызмат көрсөтүп келген.

1-июлдан тарта Түркиядагы коронавируска байланышкан чектөөлөр күчүн жоготту. Бирок бет кап тагынып, 1,5 метр аралыкты сактап, массалык иш-чараларга катышкандардын саны 150 адамдан ашпашы керек.

Ошондой эле министрликтин өкүлү билдирген маалымат боюнча, акыркы жумада Анталияга Россиядан эле 300 миң турист барган. Бул шаар туристтер арасында эң белгилүү деп эсептелген экинчи шаар.

Коопсуздук боюнча башкы башкармалыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын майында чет өлкөдөн Түркияга барган коноктордун саны 936 282 адамдан ашкан. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырганда 3038,83%га көп.

  • Бул иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгү тарабынан Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Түркиянын Туризмди илгерилетүү жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) тарабынан уюштурулган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»