22:44, 6-май, 2021

Кечкиге карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат

18:12, 4-май, 2021 766

АКИpress -  Бүгүн, 4-майда саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

«Учурда мамлекеттик чек арадагы абалды жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуулары өтүүдө.

Буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери уланууда.

Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүп, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда», - деп айтылат маалымат.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер