22:47, 6-май, 2021

Өкмөттүн котормо борбору түзүлдү

На русском
18:01, 4-май, 2021 (Жаңыланды: 18:04, 4-май, 2021) 1052

АКИpress -  Премьер-министр Улукбек Марипов 9-апрелде кол койгон токтомуна ылайык, Өкмөттүн котормо борбору түзүлдү.

«Котормочулук ишти натыйжалуу жөнгө салуу, расмий жана башка документтердин сапаттуу которулушун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Өкмөттүн котормо борбору түзүлдү.

Борбордо кенже тейлөө персоналын кошпогондо 7 адис иштейт», - деп айтылат маалыматта.

Котормо борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы:

Кызматтын аталышы

Айлык акысы (сом менен)

1

Директор

19000

2

Директордун орун басары

18500

3

Эксперт

17000

4

Каржы боюнча адис

15000

5

Кадр жана иш өндүрүш боюнча адис

15000

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер