22:54, 6-май, 2021

Афганистан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышуунун уланышын каалабайт

На русском
17:33, 4-май, 2021 317

АКИpress -  Афганистандын өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн жана элдеринин ортосундагы куралдуу кагылышуунун уланышын каалабайт жана аймакта тынчтык менен туруктуулукту колдойт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Афганистандын өкмөтү бул кагылышуулардын кесепетинен курман болгондорго байланыштуу дос жана бир тууган Тажикстан менен Кыргызстанга терең кайгыруусун билдирип, пайда болгон көйгөйдүн саясий жана тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилишине ишенет», - деп айтылат Афганистан Ислам Республикасынын маалыматында.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер