21:25, 6-май, 2021

Тажикстандын кол салуусунан ИИМ 2 млн сомдон ашык зыян тартты

На русском
16:16, 4-май, 2021 396

АКИpress -  Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам милициянын айылдардагы бөлүмдөрү жабыркады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө.

Аширхожаев зыян келтирилген милиция бөлүмдөрү Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылдарында жайгашканын тактады.

Анын айтымында, ИИМ эле 2 млн 29 миң 829 сом зыян тарткан. Милиция бөлүмдөрүндөгү компьютерлер, унаалар жана башка мүлк талкаланган.

Ошондой эле 18 милиционер жаракат алган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер