21:28, 6-май, 2021

Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кетти

На русском
16:13, 4-май, 2021 711

АКИpress -  Бишкекте 20 жаштагы кыз 3-кабаттын терезесинен кулап кеткенин Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине билдирди.

Окуя бүгүн, 4-май күнү саат 14:00 чамасында Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдө болгон.

Тергөө-ыкчам тобу жана Биринчи май РИИБдин жетекчилиги жеринде иш алып барды. Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. аттуу кыз терезеден кулап кеткен.

Ал Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер