11:51, 13-март, 2026

Бишкекте фамилиясы ката жазылган А.Иваницындын эстелиги оңдоло элек. Сүрөт

На русском
14:25, 2-декабрь, 2019 754

АКИpress - Бишкек шаарында 55 жылдан бери фамилиясы ката жазылган Алексей Иваницындын эстелиги дагы деле оңдолгон жок. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Алексей Иваницындын фамилиясы туура эмес — Иваницин деп жазылганы маалымдалып, бул тууралуу талкууланган болчу.

12-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова ката 2 жуманын ичинде оңдолорун билдирген. Бирок бүгүн, 2-декабрь, ката дагы деле оңдолгон эмес.

Отурумда депутат Сайдахмат Исмаилов бул катаны оңдоо керек экенин белгилеп: «Адамга эстелик орнотуп, фамилиясын ката жазган уят нерсе. Чындыгында уят болдук», - деген.

Иваницын Алексей Илларионовичтин эстелиги Эркиндик бульвары менен Жумабеков көчөсүнүн келишине 1957-жылы орнотулган.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»