11:03, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада теракт даярдоого шектелип кармалган кыргызстандык жаран күнөөсүн мойнуна алды

На русском
16:24, 6 жетинин айы 2019 315
// ФСБ РФ / РИА Новости

Баракелде -  Москва шаарында теракт даярдоого шектелип кармалган кыргызстандык жаран күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу «ТВ Центр» телеканалы билдирди.

Басылмалардын маалыматы боюнча, 1989-жылы туулган Талант Москвага ушул жылдын сентябрь айында келген. Ал борбордогу жер астындагы темир жолдо жардыруу жасоого даярданып жаткан.

Буга чейин Талант Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 205-берене (террористтик акт жасоо далалаты) боюнча шектүү катары кармалганы маалымдалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылы сентябрь айында Кыргызстанда төрөлгөн жаран Москвага жардыруу уюштуруу үчүн келген. Ал бир ай бою шерик издеп, ар кандай адабияттарды окуп, видеороликтерди көрүп, теракт жасоого жер издеген.

«Тергөөчүлөрдүн жана полиция кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында аталган жарандын иш-аракетине бөгөт коюлду. Сурактын жрүшүндө шектүү күнөөсүн мойнуна алды. Учурда ал камакта, тергөө уланып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком