08:58, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
19:45, бештин айы 07 2019 (8 адам окуп жатат)
Тоңдо өспүрүмдөр жөө жүрүшкө чыгышты
22:03, бештин айы 07 2019 (3 адам окуп жатат)
Баткендеги жол кырсык эки адамдын өмүрүн алды. Сүрөт

Токмоктуктар электр энергияга 33 млн сом карыз

17:23, 30 тогуздун айы 2019 110
Город Токмок
Город Токмок

Баракелде -  Учурда Чүйдөгү Токмок шаарынын тургундары электр кубатын пайдаланганы үчүн мамлекетке 33 млн сом карыз. Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков бул багытта чындыгында көйгөй бар экенин бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында айтты. Жыйында 2019-2020-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Талкуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева Токмок шаарынын тургундары кышында кыйынчылыкка кабыла турганы боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн чын-бышыгын сурады, деп маалымдайт парламенттин басма сөз кызматы.

Ал эми аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Каржы министрлиги менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком