20:01, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Уран менен торий кенине байланыштуу мыйзам долбоору талкууда

10:31, 30 тогуздун айы 2019 39

Баракелде -  Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-октябрдагы отурумунда «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.

СССР учурунда Кара-Балта шаарындагы «Кара-Балта тоо-кен комбинатына» уран Казакстандан ташылып келип, жергиликтүү жашоочуларды дарыгерлер жылына 2 ирет текшерип турушчу. Азыр андай текшерүүлөр жок жана рак менен ооругандар көбөйдү, деп билдирди депутат Бакирдин Субанбеков («Бир Бол»).

Депутаттын айтымында, жергиликтүүлөр комбинаттын жабылышына байланыштуу маселе боюнча өздөрү жыйын уюштурушкан.

«Мен "күнүмдүк алган айлыгыңарга караганда, келечегиңер кымбат" деп айттым. Кара-Балтада өгөй эненин балдары жашабайт да. Кошумча салынган "Жунда" заводунун зыяндуулугу деле жетет», - деди депутат.

Ага чейин депутат Дастанбек Бекешев: «Бул жаңы мыйзам кабыл алынса Кара-Балта тоо-кен комбинаты жабылабы?», - деген суроо менен өкмөттүн өкүлдөрүнө кайрылган.

Сөз алган депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселелердин баары тармактык мыйзамдар менен чечиле турганын айтты.

«Биз сунуш кылган мыйзамда 2 гана маселе — уран менен торий казылбасын жана сырттан уран алынып келип Кыргызстанда иштетилбесин. Болду. Калган маселелердин баары тармактык мыйзам менен чечилет», - деди А.Шыкмаматов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком