09:05, 14 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда криминалитет бат өскөнү чындыкка дал келбейт, - ИИМ

10:02, 24 тогуздун айы 2019 102

Баракелде -  Ички иштер министрлиги Кыргызстанда криминалдык чөйрө баш көтөрүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы отурумунда 37 жаштагы ишкер — «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын мыкаачылык менен көз жумганы, криминалдык чөйрө салык салып жатканы, орто бизнес менен алектенгендер да акча каражатын Кыргызстандын аймагынан чыгарып кетип жатканы тууралуу айтылган.

Криминалдык авторитеттерди түрмөгө тыкканга акча керекпи? , - депутат

«Кыргызстанда криминалитет бат өскөнү боюнча билдирүүнүн өзүндө эч кандай негиздер жок жана чындыкка дал келбейт. Криминалитет башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Анткени ИИМ мыйзамдын үстөмдүгүн, адамдын укугу менен эркиндигин коргоп келет.

“Мадина” кафесинин ээсинин өлүмү боюнча кылмыш иштин бетин ачууга ИИМдин, Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган. Кылмыш белгилерин дыкаттык менен жашырууга аракет кылышканы менен ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмышкерлердин изине түшүп, өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелгендердин баарын кармашты.

Тилекке каршы ишкердин өлүмүн алдын алууга үлгүрбөй калдык. Дайынсыз жоголгон ишкерди тактоо максатында көптөгөн иштер жүргүзүлдү. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мүлккө ээ болуу, опузалап акча талап кылуу, карактоо, адам өлтүрүү максатында адамды уурдоого шектелген бүтүндөй кылмыштуу топ кармалды», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком