10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түркиянын 5 млн доллар гранты диний багытка пайдаланылган

На русском
12:33, 14 тогуздун айы 2019 70
Кубанычбек Омуралиев и Али Эрбаш
Кубанычбек Омуралиев и Али Эрбаш

Баракелде -  Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 10-октябрда Түркиянын президентинин алдындагы диний иштер боюнча башкармалыктын төрагасы, профессор Али Эрбаш менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн дин жана диний билим берүү маселелери боюнча кызматташуусун талкуулашты. Элчи «Ыйман» фондуна бөлүнгөн 5 млн доллар өлчөмүндөгү түрк гранты 2015-2019-жылдары имамдарды окутууга, алардын билим жана потенциалын көтөрүүгө, стипендияларды берүүгө, «Insan KG» маалыматтык порталын түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Ошондой эле К.Өмүралиев фонддун 2019-2022-жылдарга карата Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын студенттерди билим алуу жана материалдык жактан колдоо боюнча долбоорлору жөнүндө айтып өттү. Мындан сырткары аталган түрк грантынын 5 млн доллар өлчөмүндөгү экинчи траншын бөлүп берүү маселесин көтөрдү.

Ал эми А.Эрбаш бул маселе Түркиянын Тышкы иштер министрлиги менен боло турган сүйлөшүүлөрдөн жана президент бекиткенден кийин чечиле турганын белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком