07:22, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Укук коргоочулар Атамбаевдин камактагы тарапташтарын абактан таппай калышкан

На русском
17:46, 11 баш оона 2019 2450

Баракелде -  Укук коргоочулар Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары кандай шартта кармалып жатканын текшерүүгө барып, бирок аларды убактылуу кармоочу жайдан табышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер депутат Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнөн кийин Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышкан. Депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу аталган борбордон мониторинг жүргүзүүнү суранган.

«Кой-Ташта 7-8-август күндөрү болгон окуялар боюнча, ошондой эле Бишкектеги баш аламандыкта кармалгандар камерада жок болуп чыкты. Алардын баарын Биринчи май райондук сотуна жеткиришиптир», - деди ал.

Н.Сулайманов белгилегендей, укук коргоочулар СИЗО-1 мекемесинде камакта жаткандардан жакынкы күндөрү кабар алат.

Биринчи май райондук соту 10-августта Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев жана Кыяс Смаиловду 8-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Алар Жазык кодексиндеги барымтага алуу жана массалык баш аламандык уюштуруу беренелери боюнча айыпталып жатат.

Ал эми 9-августка караган түнү Бишкек шаарында болгон баш аламандык боюнча кармалган 5 адам 9-октябрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком