07:21, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Ташта башынан жаракат алган Чүй ОИИБдин башчысы Москвада дарыланат

На русском
12:56, 11 баш оона 2019 1117
Самат Курманкулов
Самат Курманкулов

Баракелде -  Бүгүн, 11-августта Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловдун абалы боюнча дарыгерлердин кеңешмеси өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун адистери — Полупан Александр Александрович жана Латышев Ярослав Александрович катышты.

«Текшерүүдөн кийин кайрадан нейрохирургиялык кийлигишүү зарыл эмес экени белгилүү болду. Интенсивдик терапияны улантуу керек. Кеңешменин жүрүшүндө Самат Курманкуловду Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда С.Курманкуловдун абалы турукташып калды, аны которууга мүмкүн. Ошондой эле аны аталган борборго которуу маселеси чечилип жатат.

С.Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылындагы окуяда башынан жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ага эки жолу операция жасалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком