07:24, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Валентина Шевченконун кезектеги жеңиши. Мушкер айым чемпиондук курун коргоп калды

10:31, 11 баш оона 2019 2206
// Gettyimages

Баракелде -  Бүгүн, 11-августта Уругвайдын Монтевидое шаарында «UFC on ESPN+14» турнири өттү. Турнирдин башкы беттешинде Валентина Шевченко менен америкалык Лиз Кармуш (13-6) жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн күч сынашты.

Жыйынтыгында Шевченко атаандашын жеңип, чемпион бойдон калды. Беттеш 5 раундга созулуп, калыстар Шевченконун жеңишин бир добуштан колдошту.

Кармуш менен Шевченко буга чейин ММА эрежеси боюнча 2010-жылда өткөн турнирде күч сынашкан болчу. Анда дарыгер Шевченкого беттешти улантууга тыюу салып, америкалык Кармуш жеңишке жеткен. Бул беттеште Шевченко карьерасында биринчи жолу утулган.

Валентина Шевченко 9-июнда Американын Чикаго шаарында америкалык атаандашы Жессика Айды нокаутка кетирип, чемпиондук курун коргоп калган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком