18:43, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кызматын жогорулатып, Кытайга бара турган бөлүм башчынын маалым каты: Башкы прокуратуранын текшерүүсү

На русском
13:13, 9 баш оона 2019 135
Анаркүл Беккулиева
Анаркүл Беккулиева

Баракелде -  Башкы прокуратура Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигиндеги текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча билдирүү таратты. Сөз аталган министрлик тарабынан мыйзамсыз берилген маалым кат тууралуу болуп жатат. Буга чейин аталган маалым кат интернетке жарыяланган.

Башкы прокуратура билдиргендей, ушул жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Кытай мамлекетинин Гуанчжоу шаарында өтө турган эл аралык көргөзмөгө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан айыл чарба продукцияларын экспорттоо бөлүмүнүн жетекчиси А.Т.Беккулиева А.Т. катышат деп көрсөтүлгөн. Бирок аталган эл аралык көргөзмөгө катышуу үчүн чакыруу жиберген тарап мекеменин жетекчисинин орун басары кызматынан төмөн эмес коноктордун чыгымын гана каржыламак. А.Т.Беккулиева тарабынан өз алдынча ээлеген кызматы тууралуу жалган маалыматтарды камтыган маалым кат даярдалган. Андан кийин ага министрдин орун басары А.С.Исаев кол койгон.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмүнө ылайык, А.Т.Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басары кызматына барабар эмес. Андан тышкары чет мамлекеттердин мекемелери менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу кызматташуу жөнүндө мыйзам бузулуп, министрлик эл аралык көргөзмөнүн катчылыгынын өкүлдөрү менен аталган иш-чарага катышуу үчүн түз байланышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды жоюу жана күнөөлүү кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүү жөнүндө премьер-министрдин атына сунуштама жөнөтүлдү.

Маалымат:

Буга чейин социалдык тармактарга Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Анаркүл Беккулиеванын кызматын министрдин орун басары кызматына барабар катары көрсөткөн маалым каттын сүрөтү жарыяланган.

2019-08-05_17-26-27_920518

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком