23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көкөмерендеги өлүм: Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды

На русском
12:32, 14 теке 2019 18536

Баракелде -  Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна кулаган Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды. Денени бүгүн, 14-июлда саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 км төмөн тараптан табышканы маалым болду.

Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 99 куткаруучусу бүгүн саат 08:00дө улантышканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Айдоочу менен М.Абдылдаевдин денеси 2-июлда, жээн небересинин денеси 4-июлда табылып, акыркы сапарга узатылды. Тинатин Шадыканованын денесин 10-июлда саат 17:20 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 2 чакырым ылдый тараптан Көкөмерен дарыясынан табышкан. Буга чейин маркумдун кызы Индира апасы 15-июлда Бишкекте акыркы сапарга узатыла турганын билдирген болчу.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком