05:58, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК: Бишкекке куралчан кызматкерлер келгени тууралуу маалымат жалган

На русском
14:48, 26 кулжа 2019 190

Баракелде -  Социалдык тармакка тараган Бишкек шаарына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Оштогу башкармалыгынан атайын багыттагы куралчан кызматкерлер келгени тууралуу маалымат чындыкка кал келбейт.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда тараткан маалыматта: «Бүгүнкү күндө УКМК тарабынан атайын күчтөр катышкан кандайдыр бир ыкчам операциялар жүргүзүлгөн жок. Мындай маалыматты фейк жана мамлекеттеги коомдук-саясий абалды чыңоо максатында жүрүп жаткан аракеттер деп эсептейбиз. Буга байланыштуу бул маалыматтарды жайылтууга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат.

УКМК жалган маалыматтарды тараткан жарандар мыйзамга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком