06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Экс-министр М.Конгантиевдин иши: Күбө — депутат А.Жапаров отурумга келген жок

На русском
14:45, 11 кулжа 2019 155
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Баракелде -  Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши каралган сот отуруму өттү. Сотко Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров күбө катары чакырылган, бирок келген жок.

Судья: «Биз ал катталган дарекке сотко чакыруу жөнөткөнбүз. Бирок чакыруу мөөнөтү өтүп кеткендиктен кайра кайтарылды. Жапаровдун жардамчысы телефон чалууларга жооп берген жок. Ал эми күбөнүн уюлдук телефону өчүрүлгөн экен. Биз ал менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу байланышууга аракет жасап, бирок ал жооп берген жок» - деди.

Отурум катышуучулардын макулдугу менен күбөсүз улантылды.

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларда Конгантиев менен Жапаров Талас облусунда болушкан. Жапаров ал учурда биринчи вице-премьер-министр, Конгантиев ички иштер министри болчу.

----------------------------------------------------------------------

Мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишке байланыштуу текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Башкы прокуратура кылмыш ишти токтотуу жөнүндөгү токтомду жокко чыгарган. Бул тууралуу АКИpress агенттигине 12-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.

Кылмыш иш иликтөө иштерин уюштуруу үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүлгөн.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишти токтоткону ушул жылдын жайында маалым болгон. Мындай чечим 2018-жылдын 18-июнунда чыккан болчу. Кылмыш ишти токтотуу боюнча өтүнүчтү жактоочу Икрамидин Айткулов келтирген.

М.Конгантиев Кылмыш-жаза кодексиндеги 305-берененин 2-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттары (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 316-берененин 1-бөлүгүнүн (шалаакылык) негизинде айыпталган. 2012-жылдын февраль айында башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште М.Конгантиевге карата кайра кылмыш иши козголгонун билдирген болчу. Буга чейин кылмыш иш анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

М.Конгантиевге кылмыш иш 2010-жылы 7-апрелден кийин козголгон эле.

Кылмыш ишти токтотуу тууралуу токтомдо М.Конгантиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги укук коргоо органдары тарабынан жарандарга ок атуу иштерине катыштыгы жок деп айтылган. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Ы.Токтосунов кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишти токтотуу тууралуу токтом кылган.

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурунку министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган болчу. Бул тууралуу мамлекет башчысы 12-июлда Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдирген.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», - деп белгилеген президент.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком