11:11, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвадагы батирден кыргыз аялдын денеси табылды. Шектүү — күйөөсү

17:45, 23 бугу айы 2019 3387

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында өз батиринде каза болгон кыргыз аялдын өлүмүнө күйөөсү шектелүүдө. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Маалыматка караганда, 21-май күнү Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 1979-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.

У.Кошматовдун айтымында, каза болгон аял жакында эле турмушка чыккан. Анын күйөөсү өз кызыкчылыгын ойлоп, жубайын өлтүрүп, батирден керектүү нерселерин алып, изин жашырып качып кеткени айтылууда.

«Учурда кылмышка шектүү кармала элек. Жергиликтүү милиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми маркумдун сөөгү бүгүн, 23-май күнү бир туугандарынын коштоосунда Москва—Бишкек каттамы боюнча мекенине жиберилди. Каза болгон аял Россиянын жарандыгын алып, Москвада жашап келген. Анын артында уулу жана кызы калды», - деди У.Кошматов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком