06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Миллиондогон киреше, батирлер жана чет өлкөдөгү мейманкана: Зеленскийдин байлыгы

14:14, 22 бугу айы 2019 2961
Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Баракелде -  Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мүлкү жана байлыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Декларация боюнча, жаңы президент өткөн жылы 9,7 млн гривен (болжол менен 370 миң доллар) киреше тапкан.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик жарыялаган маалыматта өлкө башчы ошондой эле турак үйлөргө, батирлерге жана мейманканаларга ээлик кылары көрсөтүлгөн. Зеленский былтыр кирешенин көбүн — 4,2 млн гривенди (болжол менен 160 миң доллар) «Квартал 95» студиясы аркылуу тапкан. Ал эми 5,5 млн гривен (болжол менен 210 миң доллар) анын капчыгына башка киреше булактар аркылуу түшкөн.

Президент декларацияда кыймылсыз мүлктөр, жер тилкелер, унаа токтотуучу жайлардын ээси экенин көрсөткөн. Ал эми Италиядагы турак үй, Улуу Британиядагы батир жана Грузиядагы мейманкана жубайы экөөнө таандык. Ошондой эле президент учурда 190 миң доллар жана 107 миң евро накталай акчасы бар экенин көрсөткөн. Мындан тышкары банктагы эсебинде 570 миң доллар жана 1 млн гривен (болжол менен 38,2 миң доллар) бар.

Зеленский «Киноквартал» жана «Квартал-95» компанияларынын менчик ээси. «Квартал-концерт», «Гауди студио», «Инвест анима» жана «Фиш-хаус» компанияларында корпоративдик үлүшү бар. Президент 2016-жылы чыгарылган «Ленд Ровер» үлгүсүндөгү унаа башкарат.

В.Зеленский 20-майда ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти.

Жаңы президент тууралуу кызыктуу фактылар:

- бою 166 сантиметр;

- 2008-жылы «Viva!» журналы Владимир Зеленскийди Украинадагы эң келишимдүү мырза деп тапкан;

- саясатта тажрыйбага ээ эмес;

- окуучу кезинде грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыккан;

- учурда болгону 41 жашта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком