11:18, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

41 адамдын өлүмү: Москвадагы учак кырсыктын хронологиясы

На русском
10:42, 8 бугу айы 2019 178

Баракелде -  Россиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» эл аралык аэропорту өзүнүн сайтына 5-майда болгон учак кырсыгынын хронологиясын жарыялады.

«Шереметьево» аэропортундагы учак кырсыгынан 41 адам каза болгон. Ал эми лайнерде жалпы 78 адам болгон.

Аба ырайынын бузулгандыгына байланыштуу учак экинчи аракетинде гана коно алган. Учак жерге конгондон кийин анын кыймылдаткычынан өрт чыккан. Маалыматка караганда, өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге 1 мүнөттөн кийин жеткен.

Учак кырсыктын хронологиясы (Москванын убактысы боюнча):

18.02 – «Аэрофлот» авиакомпаниясынын SU1492 рейси Москва маршруту менен Шереметьево – Мурманск каттамында учкан.

18.12 – учактын командири диспетчерге радио байланыш үзгүлтүккө учурагандыгын айтып, учак аэропортко кайра коно тургандыгын билдирген.

18.13 – учактын командири диспетчерге радио байланыштын үзүлгөндүгүн дагы кайталап, автоматтык башкаруу жоголгондугун билдирген.

18.14 – аба кыймылынын уюмундагы учкучтардын жетекчиси «Шереметьево» аэропортунун нөөмөттөгү жетекчисине SU1492 рейси кайра коно тургандыгын билдирген.

18.30 – учак жерге конгондон кийин өрттөнүп баштаган.

18.31 – «тревога» белгиси иштеген.

18.32 – «Шереметьево» аэропортунун авариялык куткаруу тобу жетип, өрттү өчүрө баштаган.

18.32 – экинчи авариялык куткаруу тобу барып, жүргүнчүлөр менен экипаждын мүчөлөрүн куткаруу иши башталган.

18.33 – кошумча авариялык куткаруу тобу жеткен.

18.35 – аэропорттун авариялык куткаруу тобунун куткаруучулары күйүп жаткан учактын ичине киришкен.

18.48 – өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүүгө 26 куткаруучу жана өрт өчүрүү кызматынын 6 автоунаасы тартылган.

Россиянын тергөө комитети «Шереметьево» аэропортунда болгон учак кырсыктын бир нече себептерин карап жатат. Анын ичинде учкучтардын, диспетчерлердин, борттун техникалык абалын текшерген кызматкерлердин тажрыйбасыздыгы, аба ырайы жана техникалык бузулуу кырсыкка себеп болушу мүмкүндүгү айтылды.

Окуя болгон жерден күйүп калган SSJ-100 кара куту алынган. Мамлекеттер аралык авиация комитети тарабынан кара кутудагы жазуу чечмеленип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком