17:25, 15 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео — Бишкектеги милиционерлер дайынсыз жоголгон 3 баланы табышты

На русском
11:59, 16 чын куран 2019 903

Баракелде -  Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон 3 жаш баланы милиция кызматкерлери табышты. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган балдар 14-апрель күнү борбордун 9-кичи районунда жоголгон. Алардын жакындары өз алдынча таба албай, милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Ошондой эле балдар жоголгону тууралуу маалымат социалдык тармакка тарап, ата-энелер жардам сурашкан.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери — кенже лейтенант Н.Орозов, лейтенант Сагынычбек уулу Р., ШИИБдин жол кайгуул кызматынын инспектору, лейтенант А.Иманалиев жана прапорщик Ч.Калмамбетов жоголгон балдарды 3 сааттын ичинде табышкан. Балдардын абалы жакшы, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком