11:51, 26 бугу айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

«Алай» клубу менен москвалык «Торпедо» клубунун ортосунда чыр чыкты (видео)

На русском
18:03, 19 жалган куран 2019 449

Баракелде -  Оштун «Алай» футболдук клубу машыгуунун алкагындагы кезектеги беттешин Түркия өлкөсүндө өткөрдү. Кечээ, 18-мартта «Алай» клубу менен москвалык «Торпедо» клубунун беттешүүсү 2:2 эсеби менен жыйынтыкталып, оюндун аягында массалык мушташ чыккан.

Мушташты баштаган москвалык клубдун жарым коргоочусу Андрей Лях бул абал боюнча түшүндүрмө берди.

«20-номурдагы каршылаш (Давлят Баратов) биздин оюнчулардын бутун байкатпай тээп жатты. Кийинки эпизоддо дагы ошол эле футболчу Кертановдун бутуна тээп жыкты. Ал эми Костяга тийгенге болбойт. Ал бутунан жаракат алган. Мен аны көрөрүм менен эле ошол оюнчунун жанына барганымда уруш башталып кетти. Андан кийин мага дарбазачы (Абдуазиз Амхкамов) менен клубдун капитаны (Акрам Умаров) атырылды. Биздин бардык балдардын дени сак», - деди Лях.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком