АКИpress - Бишкектин мэри коомдук транспортто бешик арабаны бекер ташуу механизмин иштеп чыгууну жана демилгени пилоттук режимде ишке киргизүүнү тапшырды.
Мэриядан билдиришкендей, ал тиешелүү тапшырманы «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен болгон жумушчу кеңешменин жүрүшүндө берди.
Ал бешик арабасы бар энелер үчүн коомдук транспортто акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо, учурдагы эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин, демилгени ишке ашыруу механизмин иштеп чыгып, бир айлык сыноо режиминде ишке киргизүүнү тапшырды. Андан соң пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзүлүп, Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна чечим долбоору даярдалмакчы.